Дидактикалык чыгармалар

Википедия дан

Дидактикалык чыгармалар, дидактикалык адабият (грекче – үйрөтүүчү, насааттоочу) – акыл-насаат берүүчү, таалим-тарбия үйрөтүүчү, курч сөздүү, көлөмү чакан көркөм чыгармалар. Адабият, искусство жалпысынан таалим-тарбия берсе, дидактикалык чыгармаларда ошол насаат, тарбияга үйрөтүү түздөн-түз көрүнөт, ачык берилет. Санат-насыят ырлары, табышмактар, үлгү ырлар, терме ырлары, макал - лакаптар сыяктуу жанрларда дидактикалык адабият кыргыз элинде кылымдар бою тарбиялык кызмат аткарып келет.

Адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3