Дизель кыймылдаткыч

Википедия дан

Дизель кыймылдаткыч кысылуудан от алуучу ичинен күймө кыймылдаткыч. Поршень менен кысуунун натыйжасында жогорку температурага чейин ысытылган абага күйүүчү май чачыратылып, ал цилиндрдин ичинде тутанып күйөт. 1897-ж. кысуудан тутануучу биринчи кыймылдаткычты жасаган немис инженери Р. Дизелдин ысмынан аталган. Дизель кыймылдаткыч күйүү камерасынын конструкциясына жараша: туташ, куюндуу жана кош камералуу болуп бөлүнөт. Туташ камералуу дизель кыймылдаткычта күйүүчү аралашма камеранын бардык жерине бирдей чачыратылат. Куюндуу камералуу дизель кыймылдаткычта күйүүчү май кысуу процессинде камерага куюндап, тез айланып кирген аба агымына чачыратылат. Кош камералуу дизель кыймылдаткычта негизги камеранын алдында жайгашкан камерада, адегенде аба менен күйүүчү майдын аралашмасынын басымы жогорулатылып, алгач күйө баштагандан кийин негизги камерага берилет. Камерасы поршендин ичинде жайгашкан күйүүчү май камеранын капталына берилип, анын буусу куюндаган абанын жардамы аркылуу жакшы аралашат. Дизель кыймылдаткычабдан үнөмдүү жылуулук кыймылдаткычына кирет. Трактор менен автомобилдин көбү, теплоход жана тепловоздор , аскер техникалары – танк , сүйрөгүчтөр жана башка дизель кыймылдаткыч менен жүрөт. Дизель кыймылдаткыч орнотмо жана көчмө энергия курулмасы катары да пайдаланылат, ошондой эле дизель кыймылдаткыч циклинде иштөөчү газ кыймылдаткычтары да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1