Трактор

Википедия дан
Трактор (1928).
Трактор (2016).

Трактор (соңку лат. tractor; лат. traho - сүйрөйм, тартам) - жол куруу, жер айдоо ж. б. айыл чарба жумуштарын аткаруучу дөңгөлөктүү жана каз тамандуу өзү жүрмө машина.

Буу менен жүрүүчү, дөнгөлөктүү алгачкы Трактор Улуу Британия менен Францияда 1830-ж. пайда болгон. Кийин АКШнын айыл чарбасында пайдалана башталган. Бирок аны менен жер айдоо кымбатка тургандыктан, кеңири тараган эмес. Россияда 1837-ж. Д. Я. Загряжский, 1889-ж. А.П. Костиков-Алмазов каз таман (гусеницалуу) Трактордун айрым жумушчу бөлүктөрүн ойлоп табышкан. СССРде 1923-ж. биринчи Трактор чыгарылган. Кыргызстанда Трактор 1920-жылдын ортосунан баштап пайдаланыла баштаган. Трактордун негизги бөлүктөрү: тулку; кыймылдаткыч; жүрүчү бөлүгү, күч өткөргүч, башкаруу механизми жана иштөөчү шаймандар. Күч өткөргүч кыймылдаткычтын муунактуу валындагы айланууну жетелөөчү дөңгөлөккө жана кубат берүүчү валга өткөрөт. Ошол эле мезгилде айлануу жыштыгын төмөндөтөт жана айландыруу учурун чоңойтот. Күч өткөргүч бөлүктүн негизги тетиктери: илиништиргич, аралыктан бириктиргич, кыймыл өткөргүч куту, башкы жана акыркы кыймыл бергич, дифференциал жана жетелөөчү, багыттоочу пневматикалык шиналуу дөңгөлөктөрдөн (дөңгөлөктүү трактордуку) турат. Каз тамандуу Трактордун жүрүүчү бөлүгү асма; тоголуу, чынжырлар, жетелөөчү жана багытточу дөңгөлөктөр, ролик жана таянычтардан турат. Башкаруу механизмдерине рулдук башкаргыч жана тормоз, ал эми жумушчу бөлүгүнө гидравликалык система жана илгич кирет. Трактордо дизель кыймылдаткычтары колдонулат. Айыл чарба Тракторлору арналышы боюнча жалпы, универсалдуу, катар аралыктарды иштетүүчү жана атайын болуп бөлүнөт. Жалпы арналыштагы Тракторлор жалпы айыл-чарба жумуштарын (айдоо, малалоо, культивациялоо, себүү, жыйноо ж. б.) аткарууда колдонулат. Бул Трактордун кубаттуулугу жогору (мис. ДТ-75, Т-4, Т-150 ж. б.). Универсалдуу-катар аралык иштетүүчү Трактор культивациялоо, жумшартуу, отоо, түптөө, жер семирткич чачуу, түшүм жыйноо иштеринде колдонулат. Бул Тракторлор унаа катары дагы пайдаланылат (мис., МТЗ 80/82, ЮМЗ, -Е-40 ж. б.). Атайын Тракторлор белгилүү шартта (мис., тоолуу, саздуу жерлерде, жүзүмзарда, бак-огороддордо ж. б.) иштейт. Атайын тракторлорго МТЗ-80Х, Т70С, ДТ-75К, Т-25К, Т-16 м ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4