Дифференциал механизми

Википедия дан

Дифференциал механизми – баштапкы кыймылдын суммасына же айрымасына барабар болуучу жыйынтыктоочу кыймылды алууга мүмкүндүк берүүчү механизм. Мисалы, жетелөөчү дөңгөлөктөрдү, транспорт машиналарын жолдун бурулушунда ар кандай ылдамдык менен айланышын камсыз кылуучу тиштүү механизмдер. Ал автомобиль, трактор жана башка транспорт машиналарынын жетелөөчү дөңгөлөктөрүнүн кыймыл бергичине орнотулуп, өңгүл-дөңгүл жолдо жүргөндө машинанын жетелөөчү дөңгөлөктөрүнүн ар түрдүү ылдамдыкта айланышын камсыз кылат. Бир эркин даражалуу Дифференциал механизми кичине так которулууларды (Мисалы, приборлордо) же чоң күчтөрдү (Мисалы, темир кесүүчү станоктун винттик механизминде, дифференциалдык рычагда жана ушундай сыяктуу) алуу үчүн колдонулат. Эки эркин даражалуу дифференциал механизми кеңири таралган. Анда кыймыл конустук тиштүү дөңгөлөктөр аркылуу өткөрүп берилет (Мисалы, автомобилдин дифференциалы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1