Дизель отуну

Википедия дан

Дизель отунунефтинин дизель кыймылдаткычтар күйүүчү май катары колдонулуучу бир кыйла оор фракциясы. Дизель отуну кысуу учурунда өзүнөн-өзү от алып кетүүгө ылайыктуу көмүртектин 12–16 атомунан түзүлгөн углеводороддун аралашмасынан турат. Алар 200дөн 360°Сге чейинки температурада кайнайт. Дизель отунунун сапаты цетан саны – углеводород-алкан (көмүртектин 16 атому) менен каныккан цетанга салыштырмалуу от алып күйүү ченеми боюнча мүнөздөлөт. Дизель отунунун автомобилдер үчүн цетандык саны цетанга туура келүүчү белгинин 40–50%ин түзөт. Дизель отуну эки түргө бөлүнөт: дистиляттык аз илээшкектүү, айлануу жыштыгы 800 мин–1жана андан көп же тез айлануучу кыймылдаткыч үчүн; өтө илээшкектүү калдыктуу (мотордуу ) жай айлануучу кыймылдаткыч үчүн. Дистилляттык отундун ар кандай климаттык зоналар үчүн бири-биринен тоңуу температурасы жана фракциялык курамы боюнча айырмаланган арктикалык, кышкы жана жайкы сорттору; ошондой эле күйүүчү май даярдоочу системасы (ысытуу, тундуруу, сепарациялоо) бар жана мындай системасы жок дизелдер үчүн арналган 2 түрү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1