Диктор

Википедия дан

Диктор (латын тилинен dictor – сүйлөп жаткан) – радиоуктуруу менен телекөрсөтүү студиясында (телекамеранын алдында) коомдук-саясий, илимий, көркөм адабий, музыкалык жана башка жаңылыктардын жана кабарлардын текстин көркөмдөп окуп бере турган атайын кызматкер. Алар алдын ала даяр текстти окуп берүу менен гана чектелбестен, ар кандай берүүлөрдү да даярдашат, алып барат. Алгачкы кыргыз дикторлору: К.Алиев, С.Жунушалиева, Б.Акматов, Е.Антипова, З.Мамбеталиева, Г.Норузбаева, А.Ниязов, Т.Жаманбаева жана башкалар болгон.