Диктофон

Википедия дан

Диктофон (лат. dicto – сүйлөп берем, phōne – үн, сөз) — сүйлөгөн сөздү магнит тасмасына түшүрүп алып, аны кагазга жазуу үчүн кайра угузуучу атайын аппарат; магнитофондун бир түрү.

Диктофон лекцияны, аңгемелешүүнү, чогулуш жана кеңешмелерде сүйлөнгөн сөздөрдү, телефон менен жана диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жазып алууда колдонулат. Тынымсыз түрдө жазып алуу мүмкүнчүлүгү бир нече минуттан бир нече саатка чейин болот. Диктофон көтөрүп жүрмө (портативдик) жана орнотулма болуп айырмаланат. Магнитофонго караганда диктофондун жыштык өткөрүү тилкеси кууш (300–4500 гц) болгондуктан, үн жай жазылат. Жаңы жазуу жазылганда, мурдагысы өзү эле өчөт. Диктофондо тасманы эки багытта жылдырып, кайра түрүү ылдамдыгы тездетилген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1