Динамика (физика)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Динамика (физика) – күчтүн аракети астындагы материалдык нерселердин, кыймылын окуп билүүгө арналган механиканын бөлүгү.

Классикалык Динамика Ньютондун законуна негизделет. Ньютондун 1-закону (инерция закону): эгерде материалдык чекитке эч бир күч аракет этпесе, же аракет эткен күчтөр өз ара теңсалмактанышса, анда материалдык чекит тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт.

Динамикада эки типтүү маселе каралат: 1. Түз маселе. Нерсеге аракет эткен күч, нерсенин баштапкы абалы, массасы белгилүү. Нерсенин ылдамдануусун анын кыймыл теңдемесин таап, траекториясын аныктоо. 2. Тескери маселе. Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси, массасы белгилүү. Материалдык чекитке аракет эткен күчтүн чоңдугун аныктоо керек. Механикалык системалар кыймылын окуп билүүдө, Динамиканын жалпы теоремалары колдонулат. Алар Динамиканын 2- жана 3- закондору аркылуу алынат.

Системанын кыймыл санынын өзгөрүшү жөнүндөгү теорема: убакыттын кайсы гана аралыгында болбосун, системанын импульсунун өзгөрүүсү ага аракет эткен сырткы күчтөрдүн геометриялык суммасына барабар. Системанын массалар борборунун кыймылы тууралуу теорема: механикалык системанын массалык борбору, массасы системанын массасына барабар жана системага берилген бардык сырткы күчтөр ага аракет эткен материалдык чекиттей кыймылдайт. Системанын кинетикалык энергиясынын өзгөрүшү тууралу теорема: системанын кинетикалык энергиясынын өзгөрүшү системаны которууда аракет эткен сырткы күчтөрдүн аткарган жумуштарынын суммасына барабар. Биринчи теоремадан, сырткы күчтөр аракет этпеген механикалык система үчүн импульстун сакталуу закону келип чыгат: сырттан аракет эткен күчтөрдүн суммасы нөлгө барабар болгон механикалык туюк системанын импульсу убакыт боюнча өзгөрбөйт. Үчүнчү теоремадан механикалык энергиянын сакталуу закону келип чыгат: сырттан аракет эткен күчтөрдүн суммасы нөлгө барабар болсо, системанын толук энергиясы турактуу чоңдук болуп сакталат.

Жогоруда келтирилген механиканын жалпы теоремалары жана сакталуу закондору ар түркүн маселелерди чыгарууда көп колдонулат.

Механикалык системанын импульс моменти жөнүндөгү теорема: механикалык системанын, кандай гана болбосун окко салыштырмалуу импульс моментинин убакыт боюнча өзгөрүшү, ошол эле окко салыштырмалуу ага аракет эткен күч моменттеринин суммасына барабар. Бул теоремадан импульс моментинин сакталуу закону келип чыгат: Эгерде, системага аракет эткен сырткы күчтөрдүн берилген окко салыштырмалуу натыйжалоочу моменти нөлгө барабар болсо, анда системанын ошол окко салыштырмалуу импульс моменти убакыт боюнча өзгөрбөйт.

Механикалык системанын айлануу кыймылынын кинетикалык энергиясынын өзгөрүшү жөнүндөгү теорема: айлануу кыймылындагы механикалык системанын кинетикалык энергиясынын өзгөрүшү ага аракет эткен сырткы күчтүн моменттеринин аткарган жумуштарынын суммасына барабар.

Мындан айлануу кыймылы үчүн энергиянын сакталуу закону келип чыгат: эгерде механикалык системага сырттан айландыруучу момент аракет этпесе, анын энергиясы убакыт боюнча өзгөрбөйт.

Динамикада күчтүн аракети астындагы нерселердин (системалардын) кыймылын изилдөө ыкмаларынан тышкары бир топ атайын маселелер каралат: мис., гороскоптор теоремасы, өзгөрмө массалуу нерселердин кыймылы, кагылышуу теориясы, механикалык термелүүлөр, суюктуктардын жана газдардын кыймылы (гидроаэродинамика) ж. б. Динамиканын ыкмаларын конкреттүү объектилердин кыймылын изилдөөдө колдонуунун натыйжасында, атайын предметтер: асман механикасы, ракеталар Динамикасы, самолёт Д-сы ж. б. өнүгүп чыкты.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]