Мазмунга өтүү

Исаак Ньютон

Википедия дан
Ньютон, Исаак (1702).

Сэр Исаак Ньютон (англ. Sir Isaac Newton, григориандык жылсанак боюнча - 1642-жылдын 25-декабрында туулуп, 1727-жылдын 20-мартында өлгөн, ал эми юлий календары боюнча – 1643-жылы 4-январда туулуп, 1727-жылдын 31-мартында кайтыш болгон) – британдык атактуу физик, математик жана астроном. Ньютон азыркы доордогу физика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исаак Ньютон (англ. Sir Isaac Newton) 1642-жылдын 25-декабрында Улуу Британияда туулган.

Анын “Табигый философиянын математикалык башаттары” аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан.

Анын атасы Улуу Британиянын бөлүгү - Англиянын Линколншир жергесиндеги Вулсторп кыштагында өзүнө тың орто чарба дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы ал төрөлө электе көз жумган. Ымыркайга Исаак деп атасынын ысымын коюшкан.

Ымыркай кезинде оорулуу болуп өскөн менен, Исаак Ньютон узак жашап, 84кө чыгып дүйнөдөн өткөн.

Ньютон 1661-жылы Кембриж шаарындагы даңазалуу университеттин Тринити-коллеж (Ыйык Үчүлтүк Кудай коллежи) окуу жайына өтөт. Андан соң ал 30 жыл бою дал ушул коллежде окуп жана эмгектенген.

Сэр Исаак Ньютон 1727-жылдын 20-мартында атажуртунда өлгөн.

Илимий мурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын үч томдук “Табигый философиянын математикалык башаттары” (латынча Philosophiae Naturalis Principia Mathematica) эмгеги 1686-1687-жылдары жарык көргөн.

Ньютондун эмгектери физика жана математика илимдеринде жаңы доорду ачып берди. Ал Галилей түзө баштаган теориялык физика илимин калыптандыруу ишин жыйынтыктаган.

Бир чети, бул тажрыйба маалыматтарына негизделсе, экинчи чети, табигый кубулуштардын сандык-математикалык сыпатталышына негизделген.


Негизги чыгармалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Newton, Isaac. The Principia: Mathematical Principles of Natural Philosophy. University of California Press, (1999). 974 pp.
  • Brackenridge, J. Bruce. The Key to Newton's Dynamics: The Kepler Problem and the Principia: Containing an English Translation of Sections 1, 2, and 3 of Book One from the First (1687) Edition of Newton's Mathematical Principles of Natural Philosophy. University of California Press, 1996. 299 pp.
  • Newton, Isaac. The Optical Papers of Isaac Newton. Vol. 1: The Optical Lectures, 1670–1672. Cambridge U. Press, 1984. 627 pp.
  • Newton, Isaac. Opticks (4th ed. 1730) online edition
  • Newton, I. (1952). Opticks, or A Treatise of the Reflections, Refractions, Inflections & Colours of Light. New York: Dover Publications.
  • Newton, I. Sir Isaac Newton's Mathematical Principles of Natural Philosophy and His System of the World, tr. A. Motte, rev. Florian Cajori. Berkeley: University of California Press. (1934).
  • Whiteside, D. T. The Mathematical Papers of Isaac Newton, Cambridge. Cambridge University Press, 1967–82. - ISBN 0-521-07740-0. 8 volumes
  • Newton, Isaac. The correspondence of Isaac Newton, ed. H. W. Turnbull and others, 7 vols. (1959–77)
  • Newton's Philosophy of Nature: Selections from His Writings edited by H. S. Thayer, (1953), online edition Archived 2009-08-13 at the Wayback Machine
  • Isaac Newton, Sir; J Edleston; Roger Cotes, Correspondence of Sir Isaac Newton and Professor Cotes, including letters of other eminent men, London, John W. Parker, West Strand; Cambridge, John Deighton, 1850. – Google Books
  • Maclaurin, C. (1748). An Account of Sir Isaac Newton's Philosophical Discoveries, in Four Books. London: A. Millar and J. Nourse.
  • Newton, I. (1958). Isaac Newton's Papers and Letters on Natural Philosophy and Related Documents, eds. I. B. Cohen and R. E. Schofield. Cambridge: Harvard University Press.
  • Newton, I. (1962). The Unpublished Scientific Papers of Isaac Newton: A Selection from the Portsmouth Collection in the University Library, Cambridge, ed. A. R. Hall and M. B. Hall. Cambridge: Cambridge University Press.
  • Newton, I. (1975). Isaac Newton's 'Theory of the Moon's Motion' (1702). London: Dawson.

Кыскача адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Ball, W.W. Rouse (1908). A Short Account of the History of Mathematics. New York: Dover. ISBN 0-486-20630-0.
  • Christianson, Gale (1984). In the Presence of the Creator: Isaac Newton & His Times. New York: Free Press. ISBN 0-02-905190-8.
  • Craig, John (1958). "Isaac Newton – Crime Investigator". Nature 182 (4629): 149–152. Bibcode 1958Natur.182..149C. doi:10.1038/182149a0.
  • Craig, John (1963). "Isaac Newton and the Counterfeiters". Notes and Records of the Royal Society of London 18 (2): 136–145. doi:10.1098/rsnr.1963.0017.
  • Levenson, Thomas (2010). Newton and the Counterfeiter: The Unknown Detective Career of the World's Greatest Scientist. Mariner Books. ISBN 978-0-547-33604-6.
  • Stewart, James (2009). Calculus: Concepts and Contexts. Cengage Learning. ISBN 978-0-495-55742-5.
  • Westfall, Richard S. (1980, 1998). Never at Rest. Cambridge University Press. ISBN 0-521-27435-4.
  • Westfall, Richard S. (2007). Isaac Newton. Cambridge University Press. ISBN 978-0-19-921355-9.
  • Westfall, Richard S. (1994). The Life of Isaac Newton. Cambridge University Press. ISBN 0-521-47737-9.
  • White, Michael (1997). Isaac Newton: The Last Sorcerer. Fourth Estate Limited. ISBN 1-85702-416-8.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]