Династиялар тарыхы

Википедия дан

Династиялар тарыхы, чженши – кытай тарыхый чыгармаларынын бир түрү. Династиялар тарыхы бийликтеги династия кулагандан кийин жаңы династиянын императорунун буйругу боюнча жазылган. Биздин заманга чейин. 2-кылымдан 20-кылымдын 20-жылдарына чейин түзүлгөн 26 династиялар тарыхы бар. Династиялар тарыхынын биринчиси – Сыма Цяндын «Ши цзиси» («Тарых жазмалары») алардын бардыгына үлгү болгон. Династиялар тарыхы 4 бөлүмдөн турган. Биринчиси (бэньцзи же дицзи) – императорлордун укум-тукумуна жана иштерине арналган; экинчиси (наньбяо) хронологиялык таблицалар; үчүнчүсү – экономика, география, административдик түзүлүш, адабият, искусство жана башка ар кандай маселелерге арналган өзүнчө трактаттар; төртүнчүсү – (лечжуань) таржымалдар. Династиялар тарыхында байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу баалуу маалыматтар камтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1