Диний таалим-тарбия

Википедия дан

Диний таалим-тарбия – узак кылымдар бою максаты, мазмуну, иш формалары методдору жагынан ойдогудай уюштурулган педагогика система. Ар кандай дин өз үмөттөрүнүн турмушун бекем эреже тартиптердин чегинде уюштурууга умтулат. Алсак, ислам дини беш убак намаз окуу, мечитке баруу диний ырым-жырымдарды так сактоо, ыйык социалдык жана ишеним сыяктуу аткаруу ар бир мусулмандын ыйык парзы деп эсептейт. Диний таалим-тарбия дүйнө, аалам, адам жана анын ариети тууралуу маселелерди мифтик канондорунун негизинде чечмелейт. Ошондой эле ар бир дин инсанга жеке жана коллективдүү таасир этүү, анын рухун агартуунун боорукерлик кайрымдуулукка ыймандык-этикалык маданиятын калыптандыруунун өтө таасирдүү ийкемдүү ыкмаларын иштеп чыгууга жетишкен. Диний таалим-тарбия аркылуу адам психологиясынын законченемдүүлүктөрүн, көмүскө аң-сезимдин табиятын кылдат өздөштүрүү, адамдын эмоциясын, эркин алдыртан бийлеп алуу бардык диний системаларга таандык башкы өзгөчөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында мектеп таалим-тарбиясы динден тыш (светский) болушу белгиленген. Бул таалим-тарбия чөйрөсүндө иштеген педагогдордун окуучуларда илимий көз карашты калыптандыруу, ошол эле мезгилде өз ата-энелеринин жана башкалар адамдардын

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,