Дин-и илахи

Википедия дан

“Дин-и илахи” (арабча: دين إلهي ― «ыйык дин») ― Улуу Моголдор мамлекетинин өкүмдары Акбар шах тарабынан жүргүзүлгөн диний реформанын негизинде жаралган синкреттик диний агымдын аталышы.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Азиянын оодук бөлүгүнө өкүм жүргүзгөн «Улуу Моголдор» сулалесинин өкүмдары, айтылуу Бабурдун урпактарынын бири Акбар шах өз мамлекетиндеги диндер аралык араздашууга жана түшүнбөстүккө чек коюу максатында «ыйык дин» аталган жаңы динди түзүүгө далаалат кылган.

Бул жаңы синкреттик диний агым исламдын жоболоруна тарса (христиан), жайнизм, зороастризм сыяктуу башка диндердин элементтерин жуурулуштурууга багытталган.

Акбар шахтын доорунда исламдан башка диндердин өкүлдөрүнө да айкөл мамиле жасалган.

Акбар шах – Улуу Моголдор мамлекетинде жаңы диний агым түзүүгө далаалат кылган өкүмдар

Акбар шах Фатехпур-Сикри жергесинде атайын сыйынуу жайын («ыбаадаткана) курдуруп, бул жайда мусулмандардан тышкары индустар, парстар, жайнчылар, тарсалар келип, өз ара диний талаш-тартыштарын интеллектуалдык деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүндүк алышкан.

Ар кыл диний ишенимдерди салыштырып, Акбар шах алардын баары бирдиктүү (тек) кудайды даңазалап жатат, демк, диндердин ортосундагы араздашуунун эч ажети жок деген жыйынтыкка келген. Анын оюнча, мындай шартта эч бир дин башкалардан айырмаланган акыйкатка ээ эмес.

Дал ушул ойго жетеленип, Акбар шах 1581-жылы “Дин-и илахи” (арапча دين إلهي «ыйык дин») деп аталган жаңы динди түзүүгө киришкен.

Албетте, көпчүлүк мусулман диниятчылар бул кадамды “исламга акаарат келтирүү”, “каапырдык иш-аракет” катары сынга алышкан.

“Дин-и илахи” дини өзүнө мистицизмди, философияны, жаратылышка табынууну камтыган. (Демек, мында теңирчиликтин да ар кыл издери бар).

Бул диний агым Жалгыз, Бирдиктүү Кудайды тааныган. Бул Кудай өзүн ар кыл диндерде ачып берет деп эсептелген. Бирок көп кудайлуулук (политеизм) четке кагылган.

Демек, бул жаңы диний агым өзүнө исламдын, теңирчиликтин, индуизмдин, христиандыктын, зороастризмдин, жайнизмдин, айрым бутпарастык ишенимдик аңдоонун ар кыл жоболорун сиңирген жана синкреттик дин катары акыйкатты рационалдуу издөө далаалатын жасаган.

Акбар шахтын сунушуна ылайык, Мекеге багытталган кыбланын ордуна дайыма Күнгө жүз буруу керек болгон. Аксарайга өчпөс от жагып туруу жөрөлгөсү да киргизилген. Акбар шах брахмандык тасманы билегине тагынып, чекесине индуисттердикиндей белги коюп алган. Акбар шахтын аксарайында уй этин жегенге тыюу салынган.

Жаңы диний агым иш жүзүндө Акбар шахтын кансарайында жана ага жакын аксөөк чөйрөлөрдө гана анча-мынча таркаган.

Акбар шахтын өзүнөн башка бул динди өмүрүнүн акырына чейин колдогон жолдоочу катары анын министрлеринин бири Бирбал деген аткаминер эскерилет.

Улуу Моголдор дөөлөтүнүн аскеринин башкы колбашчысы ража Ман Сингх бул динди четке кагып, мамлекетте индуизм менен исламды гана тааный турганын билдирген.

“Дин-и илахи” агымын жайылтуу далаалаттары доорунда мусулмандар дүйнөсү үчүн көркөм адабият байытылган. Анткени ошол доордо “Рамайана”, “Махабхарата” дастандарынын жана “Инжилдин” тексттери мусулман калайыгы үчүн которулган.

Тарыхчы Аблулкадыр Бадауни, өзүнүн такыба мусулман болгонуна карабастан, Акбар шахтын буйругу менен “Рамайана” дастанын санскриттен которгон. Бул иш-чараны ыплас иш санаган тарыхчы Бадауни ар күнкү ишин аяктаар замат даарат алып, намаз окуп турган дешет. Башка бир маалыматка караганда, бул тарыхчы өзү да Бирдиктүү Кудайга болгон ишенимге жалпы адамзатты баш коштурууга ынанган имиш.

“Дин-и илахи” агымы, негизинен, динге караганда этикалык (адеп-ахлактык) системага көбүрөөк жакын келет.

Бул диний агымда азгырылуу, сезимге алдыруу, төрөпейилдик, бой көтөрүү “күнөө” катары саналган жана такыбалык, айкөлдүк, топуктуулук - кут кылчу негизги касиеттер катары сыпатталган. Кишинин жаны Кудай менен баарлашууга умтулуу аркылуу арууланат деп саналган.

Жаныбарларды өлтүрүү жана диний ишенимден улам өмүр бою никесиз өтүү анты (“целибат”, лат. coelibatus или caelibatus) сыяктуу көрүнүштөргө “дин-и илахи” агымы тарабынан тыйуу салынган.

“Дин-и илахи” агымында, бирок, өз алдынча диний китеп жана диниятчылардын иерархиясы сунушталган эмес.

Азыркы доордогу “дин-и илахи” диний агымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21-кылымдын башында да “дин-и илахи” диний агымы жашап жаткандыгы тууралуу үзүл-кесил маалымат учурайт.

Бирок бул чакан диний агым, “Британника” энциклопедиясынын авторлорунун баамына караганда, эч качан 19дан ашуун жолдоочуга ээ болгон эмес.

Азыркы тапта өзүн “нео-дин-и илахи” деп атаган синкреттик диний агым бейрасмий түрдө иш-аракет кылып келет.

Чакан адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Makhan Lal Roy Choudhury 1952 (1985): The Din-i-Ilahi or the Religion of Akbar, Calcutta: Dasgupta & Co. (Oriental Books Reprint Corporation); ASIN B0007JXFZG
  • «Children’s Knowledge Bank», Published 2004 (Pustak Mahal), ISBN 81-223-0292-0
  • Louis Frédéric, Dictionnaire de la civilisation indienne, Robert Laffont, 1987.
  • Arnold Hottinger: Akbar der Große (1542–1605). Herrscher über Indien durch Versöhnung der Religionen, Wilhelm Fink Verlag, München 1998, ISBN 978-3-7705-3335-0.
  • Антонова К. А., Очерки общественных отношений и политического строя Могольской Индии времён Акбара (1556—1605), М., 1952.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]