Дин секталары

Википедия дан

Дин секталары(буркалары) (лат. Secta - адамдардын обочолонгон тобу дегенден) - өзүнчө диний көз караштарды жетекчиликке алып, жалпы динден бөлүнүп чыккан динчилер тобу.

Бардык эле диндерде секталык агымдар, топтор, уюмдар бар. Көпчүлүк секталар - тиги же бул дин жамааттарынан чыккан динге ишенүүчүлөр тобу.

Сыртынан Караганда Дин секталары ортодокс агымдагы догмалык жана ырым-жырымдар маселеси боюнча пикир келишпегендиктерден чыккансыйт. Ал эми чындыгында Дин секталарынын келип чыгышына таптык коомдогу социалдык карама-каршылыктар себепчи. Социалдык карама-каршылыктар куч алып, тан күрөшү жүрүп жаткан капит. өлкөлөрдө улам жаны секталар пайда болуп жатат.

Диний окуу жайлар теологиялык билим берип, дин кызматкерлерин даярдайт.

Бул байыркы мамлекеттерде башталган. Жрецтер, дин кызматкерлери ж. б. узак жылдар бою диндик салттарды үйрөнүп, өзүнчө каста катары бөлүнүп чыккан. Жредтерди даярдоочу биринчи окуу жай Байыркы Египет жана Вавилония храмдарында (б. з. ч. 2-мид жылдык- та) пайда болгон. Б. з. ч. 1-миң жыл- дыктын орто ченишде Индияда, Борбордук жана Орто Азиянын кулчулук мамлекеттеринде буддалык монастырлардын көбү окуу жайларына айланган. Индияда профессионал жредтерди буддизмдин, ламаизмдин монастырдык, брахмандардьш касталык мектептери даярдаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.