Дипломат

Википедия дан

Дипломат (фр. diplomate) – тышкы байланыштар мекемесинин (борбордук же четөлкөлүк аппараттын) өз кызмат милдетине байланыштуу ошол мекеменин чет мамлекеттер жана эларалык уюмдар менен ырасмий катташуулар тармагындагы милдетин түздөнтүз аткаруучу кызматкери. Эреже катары, дипломаттык колтийгистикке ээ болот. Кеңири маанисинде Д. – ырасмий түрдө тигил же бул тышкы саясий ишмилдеттерди (такай же убактылуу негизде) ишке ашыруу жүктөлгөн киши.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]