Дирилдек стенд

Википедия дан

Дирилдек стенд - жумуш аткаруучу платформасына дирилдетип сыналуучу буюм же калибрленүүчү дирилдек аппаратуранын билдиргичтери бекитиле турган днрплдетпп сыноочу же калибрлөөчү машина.

Анын универсал жана атайын колдонулуучу түрлөрү бар. Универсал Дирилдек стенддин платформасынын термелүү амплитудасын жана жыштыгын белгилүү бир диапазондо өзгөртүүгө болот. Мунун бир компоненттүү Дирилдек стенди кеңири таралган, анын платформасы өз бетине перпендикуляр болуп, түз сызыктуу термелет.

Кээде Дирилдек стенд платформасы 0 дөн 90°ка чейин жантайтуучу түзүлүш менен жабдылат.

Дирилдек стенддин негизги типтери мехканикалык, гидравликалык, электродинамикалык, пьезоэлектрдик болуп айырмаланат. Бул стендде буюмдардын дирилдөө таасирине туруктуулугу сынаяат. Дирилдөө ченегич аппаратураны калибрлөөгө амплитудалык, амплитуда-жыштык, фаза- жыштык жана температуралык мүнөздөмөлөр алуу жана билдиргичтердин сезгичтигин белгилөө кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.