Дирилдек торчо

Википедия дан

Дирилдек торчо - бир жолу куюлуп алынган кумдуу куюу калыбын талкалоо жана формага келтирүүчү аралашманы каткан куюлма тетентен ажыратып алуу үчүн колдонулуучу түзүлүш.

Куюу калыбы орнотулган Дирилдек торчо пневматикалык дирилдеткич же мехканикалык жүргүзгүч менен иштетилет. Механикалык торчолор инерциялык жана эксцсптрдүү деп айырмаланат, булар пневматикалык торчого Караганда электр энергиясын абдаи эле аз сарп кылат.

Дирилдек торчодо формага келтирүүчү аралашма бөлүп ажыратылганда, торчодогу тешик аркылуу ылдый түшөт да, анан кайра пайдаланылат, ал эми куюлма тетик иштетүүгө жиберилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.