Диссертация

Википедия дан

Диссертация - (лат. dissertatio – талдоо, изилдөө) – окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн даярдалган жана изденүүчү тарабынан көпчүлүк алдында ачык корголгон илимий эмгек. Биздин республикада диссертациянын үч түрү кездешет[1]:

  • Магистрдик диссертация;
  • Кандидаттык диссертация;
  • Докторлук диссертация.

Магистрдик диссертациялар университеттерде мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын жыйынында корголот. Диссертациялардын темалары, эреже катары, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын негизги илимий изилдөө иштеринин багыттары менен байланыштырылышы керек, алардын окумуштуу (илимий-техникалык) советтери тарабынан ар бир изденүүчү үчүн жана бир эле убакта илимий консультантын (докторлук диссертация) же илимий жетекчисин (кандидаттык диссертация) дайындоо менен бекитилет.[2]

Илимдин докторунун окумуштуулук даражасын алууга жазылган диссертация илимий квалификациялуу, илимдин тийиштүү тармагынын адистиги боюнча изденүүчү тарабынан өз алдынча даярдалган, илимий изилдөөнүн негизинде аткарылган эмгек болуп эсептелет жана төмөнкү талаптардын бирине жооп бериши керек:

  • Илимий жактан негизделген багыттардын өнүгүшүндө маанилүү социалдык-экономикалык, маданий, саясый жана чарбалык мааниси бар илимий проблемаларды чечүүнү камтыган жаңы натыйжаларга ээ болуу;
  • Ири прикладдык проблеманын чечилишин камсыз кылууда пайдалана турган теориялык жоболорду, эксперименталдык натыйжаларды, алардын жыйындысын, конкреттүү илимий багытты өнүктүрүүдө ири натыйжаларды алуу;
  • Маанилүү прикладдык проблеманын чечилишин камсыз кылууда пайдалана турган белгилүү бир тармактар илимий жактан негизделген техникалык, экономикалык же технологиялык чечилиштерди илимий-техникалык прогресске ири салым киргизе турган иштеп чыгууларды ишке ашыруу.

Докторлук диссертация коргоого бир же эки адистик боюнча коюлушу мүмкүн. Изденүүчү тарабынан кандидаттык диссертациясын коргоого алып чыккандагы илимий жыйынтыктарды жана жоболорду докторлук диссертацияны коргогондо да алып чыгууга болбойт. Илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын изденүүгө даярдалган диссертация изденүүчү тарабынан өз алдынча даярдалган илимдин тийиштүү тармагынын адистиги боюнча же, эреже катары, илимдин докторунун жетекчилиги астында аткарылган квалификациялуу илимий эмгек болуп эсептелет жана төмөнкү талаптардын бирине жооп бериши керек: Конкреттүү билимдин тармагы үчүн олуттуу мааниси бар конкреттүү илимий маселени чечкен натыйжаларды алуу;

Маанилүү прикладдык милдетти чечүүнү камсыз кылуучу техникалык, экономикалык же технологияларды иштеп чыгууларды камтыган натыйжаларды алуу. Кандидаттык диссертация, эреже катары, бир адистик боюнча коргоого коюлушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

  1. Натыйжаларды алуу үчүн жогорку деңгээлдеги тезис темалары
  2. Дипломдук иш: сунуштар, сөздөрү, мисалдар