Диссипация тутуму

Википедия дан

Диссипация тутуму — багытталган процесстеги энергия багытталбаган процесстин энергиясына айланган динамикалык тутум. Механикалык диссипация тутумунда толук энергия (кинетикалык жана потенциалдык энергиялардын суммасы) энергиянын башка түрүнө (мисалы, жылуулукка) өтүп, энергиясы азаят. Бул процесс механикалык энергиянын диссипациясы (чачырашы) деп аталат. Диссипация тутумунун кыймылы акырындоочу, басаңдоочу, ошондой эле ылдамдоочу кыймыл болот. Беттешкен катуу нерселердин кыймылына каршы аракет эткен суюк же кургак сүрүлүү күчү, чыңалуусу деформациянын ылдамдыгына көз каранды болгон илээшкек чөйрө диссипация тутумуна мисал болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1