Диссонанс

Википедия дан

Диссонанс (лат. dissonans - ар кандай үңдүү ) - эки же бир нече үндөрдүн айкалышынан келип чыккан кулакка жагымсыз угулуш. Интервалдардын ичинен диссонанстарга секунда,септима,ноналар киришет. Мажордук жана минордук үч үңдүүлүктөр жана алардын айланыштарынан башка аккорддордун бардыгы диссонанс аккорддор деп эсептелинет. Музыкада диссонанстар толкундоонун чыңалышын күчөтүүгө шарт түзүү менен катар,туруктуу консонанстарга өтүүнү талап кылат. XX кылымдагы ар кайсы музыкалык стилдердин өзгөчөлүк белгилеринин бири гармониялык диссонанастардын аябай көп түрлөрүнүн кеңири колдонулушу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Өзбек Абдылдаев. Кыскача Музыкалык Сөздүк. — Бишкек. Кыргызстан, 2016. — С. 4. — 119 с. — ISBN 978-9967-432-99-4.