Дисфагия

Википедия дан

Дисфагия( илгерки грек тилинен келген. φαγεῖν — тамак, жутуу)— жутуунун бузулушу. Дисфагия ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, колко сезгенгенде, бөтөн нерсе тыгылганда, тарыганда жана шишикте, кээ бир нерв ооруларында болот. Мында жутуу кыйындайт же жутууга мүмкүн болбой калат, ооруйт, тамак же суюктук мурунга, колкого, кекиртекке кетет. Дарылоо негизги себебине карата жүргүзүлөт



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8