Дифракция торчосу

Википедия дан

Дифракция торчосу – иреттүү жайгашкан, жарык өткөрбөгөн аралык менен бөлүнгөн көп сандаган өтө кууш жылчыктан турган оптикалык прибор. Мындагы дифракциялык сүрөттөлүш бардык жылчыктардан келген когеренттүү толкундардын өз ара интерференциясынын натыйжасы болот. Ар бир жылчыктын жазылыгы a, алардын арасындагы аралык b болсо, анда d=a+b чоңдугу дифракция торчосунун мезгили деп аталат. Жалпак монохроматтуу толкун дифракция торчосунун тегиздигине тик келип түшсүн дейли. Жылчыктар бири-биринен бирдей аралыкта жайланышкандыктан, эки коңшу жылчыктан келген нурлардын өткөн жолунун айырмасы дифракция торчосунда берилген о багыты боюнча бирдей: Эгер коңшу эки жылчыктын B чекитине нурлар бирдей фазада келишсе, алар бирин-бири күчөтүп, максимумду беришет. Эгер нурлар B чекитине карама-каршы фазада келишсе, бирин-бири жоюшат. Анда минимум шарты төмөнкүдөй туюнтулат: Максимум (1) жана минимум (2) формулалары менен Э экранында түзүлгөн дифракциялык минимум жана максимум абалдарын таба алабыз. Ар бир жылчык өзүнүн минимумун түзгөндүк төн, торчодогу жылчыктардын санына жараша кошумча минимум пайда болот. Кошумча мини мумдардын саны жылчыктардын N санынан бирге кем: N –1. Алар экинчи иреттеги максимумдарды (саны N – 2) бөлүп турушат. Эгерде ар бир жылчыктан келген жарыктын амплитудасы Аi болсо, анда бардык жылчыктардан келген амплитудалардын суммасы A=NAi (N эсеге чоң) болот. Ал эми дифракция торчосу аркылуу өткөн жарыктын толук ургаалдуулугу же I=N2 Ii болуп, бир жылчыктан өткөн жарык ургаалдуулугунан N2 эсе чоңоёт. Максимум (1) жана минимум (2) шарттары толкун узундугуна көз каранды болгондуктан, дифракция торчосуна ак жарык түшсө, ак жарыкты түзгөн ар бир толкун өзүнүн максимумун берет. Борбордук максимум ак түстө болот, негизги максимумдар толкун узундугуна жараша спектрге ажырашып, алардын кызгылт көк нурунуку борбор жакка, ал эми кызыл нурдуку чет жагына жайгашат. Спектрдин ар кандай жеринде колдонулган дифракция торчосу өзүнүн өлчөмү, формасы, жасалган материалы, штрихинин профили жана алардын жыштыгы менен айырмаланат. Дифракция торчосунун штрихтеринин жыштыгы спектрдин ультра кызгылт көк облусунда 3600–1200 штрих/мм, жарыктын көрүнгөн облусунда 1200–600 штрих/мм, инфракызыл облусунда 300–1 штрих/ммди түзөт. Дифракция торчосу затты спектрдик жол менен анализдөөдө, толкун узундугун өлчөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1