Дихотомиялык бөлүү

Википедия дан

Дихотомиялык бөлүү (грек. dihotomia – экиге бөлүү) – түшүнүктүн аймагын эки бөлүккө бири экинчисин төгүндөгүдөй, ал эми биригишкен абалында түшүнүктүн аймагын камтыгандай бөлүштүрүү.

Эң жөнөкөй бул операция классификациялоонун баштапкы стадиясында колдонулат. Дихотомиялык бөлүүнүн артыкчылыгы анын жөнөкөйлүгү менен жеткиликтүүлүгүндө, анткени, бөлүштүрүү белгинин бардыгы же жоктугунун негизинде жүргүзүлөт. Маселен, токойлордун тобун өз ара эки топко, мисалы: жалбырактуу жана ийне жалбырактуу деп, ал эми жазы жалбыраксыз токойлорду – ийне жалбырактуу жана ийне эмес жалбырактуу токойлор деп, ж. б. бөлүштүрүүгө болот. Дихотомиялык бөлүүнүн жетишсиздиги карама – каршылыктуу белгилери менен аныкталчу топтор даана аныкталбай, ал эми ыраттуу бөлүштүрүү учурунда андай белгилерди табуу улам кыйындай бергендигинде.

Дихотомиялык бөлүү азыркы учурда компьютерлерди конструкциялоодо кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8