Дмитриевка чопо кени

Википедия дан

Дмитриевка чопо кени Чүй облусунун Кант районунда, Кант т. ж. бекетинен 8 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 700–725 м бийиктикте. 1957–58-ж. «Средазгеолнеруд» трести жана Кыргыз ССРнин Геология башкармасы чалгындаган. Бир түрдөгү кумайлуу чопо Чүй дарыясынын 3-тектирин түзөт. Кумайлуу чопонун арасында майда кесекчелүү кумдун жука катмарчасы кездешет. Пайдалуу катмарчанын калыңдыгы 2,4–11,4 м. Кумайлуу чопо «500» маркадагы портланд-цемент алууда чополуу кошулма катары колдонулушу мүмкүн. Запасы (1959): А–742 миң т, В–3143 миң т, С1–2138 миң т, А+В+С1–6023 миң т. Кант цемент-шифер заводу цемент чыгарууда пайдаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]