Дмитриев, Николай Михайлович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
1264134378 14 (1).jpg

Дмитриев, Николай Михайлович – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

1917-жылы Оренбург областынын Ново-Орск районундагы Кумак айылында туулган. Улуту орус. КПССтин мүчөсү. Атайын орто билимге ээ болгондон кийин Фрунзеге келген. Республикалык “ Заготскот” конторасында башкы бухгалтердин орун басары болуп иштеген.1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган.Катардагы жоокер.Танкка каршы замбиректин мээлегичи.

Эрдиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнунан тартып, Батыш фронтунда катышкан. 1941-жылы танктардын катуу чабуулун токтотууда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган.Госпиталдан дарыланып чыккандан кийин Н. М. Дмитриев душмандар менен согуш аяктаганга чейин салгылашып, даңктуу жолду басып өткөн.Андан соң офицер болупСоветтик Армиянын катарында кызмат өтөөсүн уланткан.
Запаска чыккандан кийин Саранск шаарында жашап, “Электровыпримитель” заводунда иштеген. 1981-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Иманкулов.А, Алыкулов.Б, Турсунбеков.Ч “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт”- Фрунзе; 1986