Дмитрий Шостакович

Википедия дан
Дмитрий Дмитриевич Шостакович (1950)

Дмитрий Дмитриевич Шостакович (1906, Петербург - 1975, Москва) - орус композитору. СССР эл артисти (1954), Социалисттик Эмгек Баатыры(1966).

  • Искусство таануу илимдеринин доктору (1965).
  • Ленинград консерваториясын (1923, фортепьяно; 1925,композиция классы боюнча) бүткөн.
  • Шостакович - 20-кылымдагы ири композиторлордун бири.
  • 19 жашында жараткан тунгуч симфониясы (1925) аны дүйнөгө тааныткан.
  • Улуу Ата Мекендик согуш учурунда совет элинин майтарылбас эрки, баатырдыгы «Жетинчи симфониясында» (Ленинград) чагылдырылган.

Ал «Мурун» (Н. Гоголь боюнча, 1928; 1930-ж. коюлган), «Катерина Измайлова» (Н. Лесков боюнча, 1932;1934-ж. коюлган) операларын, «Алтын кылым» (1930), «Жарык булак»(1934) балеттерин, «Москва, Черёмушки» (1959) опереттасын, «Мекен жөнүндө поэма» (солист, хор жана оркестр үчүн, 1947), «Токой жөнүндө ыр» (оратория, 1949); 15 симфония(1925-69), «Майрамдык увертюра»(1954), симфониялык чыгармалар, оркестр менен фортепьяно үчүн концерттер (1933, 1957), романстар, кинофильмдер үчүн музыка ж. б. жазган.

1963-ж. «Орус совет музыкасы Кыргызстанда» деген он күндүккө РСФСР композиторлорун жетектеп келип, «Кыргыз жана орус темаларына увертюра» жазган. Тынчтыкты коргоонун бүткүл дүйнөлүк комитетинин (1968) мүчөсү.

Ленинград(1937-39, проф.), Москва (1943-48)консерваторияларында педагог. Тынчтыктын эл аралык сыйл. (1954),Лениндик сыйл. (1958), СССР мамлекеттик сыйл. (1941, 1942, 1946, 1950, 1952,1968), Я. Сибелиус атындагы сыйл. (1958)лауреаты.

Чет элдик музыкалык , көркөм өнөр, искусство академияларынын мүчөсү, корр. мүчөсү жана проф. СССР Жогорку Советине (6-9-шайл.) депутат.

Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.