Добровольский Георгий Тимофеевич

Википедия дан

Добровольский Георгий Тимофеевич (1. 6. 1929, Одесса - 30. 6. 1971) - СССРдин учкуч-космонавты, подполковник, Советтик Союз. Баатыры (30. 6. 1971, өлгөндөн кийин).

1954-жылдан КПСС мүчөсү. ААКтын одессалык атайын мектебин (1946) жана Чугуевск аскераба окуу жайын (1950), Ю. А. Гагарин атындагы Кызыл Туулуу Аскер-аба академиясын (1961) бүтүргөн. 1950- 62-ж. истребителде учкуч. 1963-жылдан космонавттар отрядында. 1971-ж. 6-июпда Жердин спутнигинин орбитасына чыгарылган «Союз-11» космос кемесинин командири болуп космоско учкан. 1971-ж. 7-июнда Жер айланасында орбитада 1971-ж. 19-апрелден бери учуп жүргөн «Салют» илимий станциясы менен биригишип, 23 суткага созулган программапы толук аткарган. Ал 1971-ж. 30-июнда Жерге келе жатканда экипаждын башка мүчөлөрү - В. Н. Волков жана В. И. Пацаев менен бирге каза болуп, Москванын Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.