Догвилл

Википедия дан

"Догвилл" (англ. Dogville, орус. Догвилль) - Ларс фон Триердин продюсерлигинин негизинде 2003-жылы тартылган эл аралык авангарддык драма. Тасмада тартылгандар: Николь Кидман, Лорен Бэколл, Селин Дион, Хлоя Севини, Пол Беттани, Стеллан Скарсгорд, Удо Кир, Бен Газзара жана Жеймс Каан. Тасма кылмышкерлерден качып жүрүп тоо аймагындагы кичинекей Догвилл аттуу шаарчага келген Грейс Муллигандын (Кидман) жашоосун баяндайт. Грейс ал аймакта баш калкалоого уруксат алыш үчүн бекер кызмат кылуу сунушун кабыл алат. Ал калыш үчүн жергиликтүү калктын ар биринин макулдугун алышы керек, болбосо кылмышкерлердин колуна кайрадан түшүү коркунучу жаралат. Ал алсыз болсо да ал жерде жашаган жергиликтүү элдин жашоосун түп тамыры менен өзгөртө алат.

Бул тасма фон Триердин Кошмо Штаттарда же болбосо мүмкүнчүлүктөр жеринде тарткан үчилтигинин биринчиси болуп саналат. Андан кийинки тасмасы "Мандерлей" (2005) жана соңку бөлүмү "Вашингтон" да тартылган. Тасма "Palme d'Or" сыйлыгы үчүн Гас Вен Сенттин "Пил" тасмасы менен жарышып, жеңишти алдырып жиберген. Тасма Кошмо Штаттарда 2004-жылы, 26-мартта чектелүү санда көрүүчүлөргө сунушталганга чейин бир нече кино фестивалдарда көрсөтүлгөн.

"Догвилл" ар тараптуу сын-пикирлерге ээ болгон. Айрым адамдар тасманы анткор жана кыжырды келтирүүчү деп белгилешсе, айрымдары укмуш тасма деп эсептешкен.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]