Пол Беттани

Википедия дан

Пол Беттани (англ. Paul Bettany;1971-жылдын 27-майында туулган) — англиялык актер. Ал Жарвистин жана "Marvel" кино ааламындагы Вижндин ролдорун аткарганы менен белгилүү. Ал өзгөчө "Темир адам" (англ. Iron Man, 2008), "Темир адам 2" (англ. Iron Man 2, 2010), "Өч алгычтар" (англ. Avengers, 2012), "Темир адам 3" (англ. Iron Man 3, 2013), "Өч алгычтар: Алтрон доору" (англ. Avengers: Age of Ultron, 2015) жана "Капитан Америка: Жарандык согуш" (англ. Captain America: Civil War, 2016) тасмаларында тартылып, мактоого арзыган. Ал "Гангстер №1" (англ. Gangster No.1, 2000) британ тасмасына жана режиссер Брайан Хелгеланддын "Рыцардын жомогоу" (англ. A Knight's Tale, 2001) тасмасыне тартылуу менен көпчүлүк көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бура алган. Ал андан ары ар түрдүү тасмаларда, анын ичинде "Акылдын оюндары" (англ. A Beautiful Mind, 2001), "Дүйнөнүн бир учунда" (англ. Master and Commander: The Far Side of the World, 2003), "Догвилл" (англ. Dogville, 2003), Уимблдон (англ. Wimbledon, 2004) тасмаларында жана "Да Винчинин коду" (англ. The Da Vinci Code, 2006) романынын ылайыкташтырылган версиясында образдарды жараткан.

Ал "БАФТАнын" "Экинчи пландагы эң мыкты актер" сыйлыгына, АКШ киноактерлор гилдиясынын "Оюндук тасмадагы эң мыкты актердук топ" наамына жана ошондой эле ар түрдүү сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Беттани америкалык актриса Женнифер Коннелли менен үйлөнгөн жана эки баласы бар. Анын эң ийгиликтүү коммерциялык тасмасы "Өч алгычтар" болгон. Тасма 1, 5 млрд АКШ долларынан ашуун киреше таап, анын уландысы болгон "Өч алгычтар: Алтрон доору" 1, 4 млрд доллардан ашуун каражат топтогон. Ал эми "Темир адам 3" 1, 2 млрд доллардан ашуун, "Капитан Америка: Жарандык согуш" 1, 1 млрд доллардан ашуун, "Да Винчинин коду" 758 млн доллар киреше алып келген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]