Өч алгычтар

Википедия дан
Өч алгычтар
Өлкө

АКШ

"Марвелдин өч алгычтары" (англ. The Avengers, орус. Мстители) же жөн гана "Өч алгычтар" (англ. , орус. ) (Улуу Британия жана Ирландияда "Marvel Avengers Assemble" деген аталышта чогултулган)- 2012-жылы "Marvel Comics"тин ошол эле аталыштагы супер баатыр тобуна негизделип тартылган америкалык супер баатыр тасма. Тасманын сценаристи жана режиссеру Жосс Ведон. Ал эми катышкандар: Роберт Дауни Жр., Крис Эванс, Марк Руффало, Крис Хэмсворт, Скарлетт Йохансон, Жереми Реннер, Том Хиддлестон, Кларк Грегг, Коби Смолдер, Стеллан Скарсгерд жана Сэмүел Л. Жэксон. Тасмада "Калкан" аттуу тынчтыкты сактоо боюнча уюмдун жетекчиси-Ник Фөри, Жер планетасын Тордун агасы Локиден сактоо үчүн Темир адам, Капитан Америка, Халк жана Тордон турган супер баатырлардын тобун түзөт.

Тасманын премьерасы 2012-жылы, 11-апрелде Голливуддагы "Эл Капитан Кинотеарында" болуп, Кошмо Штаттардагы кинотеатрларда 2012-жылы, 4-майда жайылтылган. Тасма негизинен киносынчылардын жакшы сын-пикирлерине арзып, визуалдык эффектилери үчүн "Оскар" жана "BAFTA" сыйлыгы сыяктуу бир нече сыйлыкка көрсөтүлгөн. "Өч алгычтар" дүйнө жүзү боюнча 1.5 миллиард АКШ долларын табуу менен, кинотеатрларда көрсөтүү учурунда эң көп кирешелүү тасмалардын арасында үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми анын уландысы Өч алгычтар: Алтрон доору 2015-жылы, 1-майда чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]