Темир адам

Википедия дан

"Темир адам" (англ. Iron Man, орус. Железный человек)- 2008-жылы "Marvel Comics" каармандарына негизделип тартылган жана "Marvel" студиясы өндүргөн супер баатыр тасма. Тасманын режиссёру Жон Фавру жана сценарийин Марк Фергус, Хоук Остби, Арт Маркум жана Мэт Холловей жазышкан. Тасмада Роберт Дауни, Терренс Ховард, Жефф Брижес, Шаун Тоуб жана Гвинет Пелтроу тартылышкан. "Темир адам" тасмасы өнөр-жай кызматкери жана чебер инженер Тони Старк, күчтүү адамдын турпатын куруу менен технологиялык жактан келишкен "Темир адам" аттуу супер баатырга айлангандыгын баяндайт.

"Темир адам" алгачкы жолу 2008-жылы, 14-апрелде Сиднейде көрсөтүлгөн. Тасма жакшы сын-пикирлерге арзып, кирешелүү тасмалардын биринин катарына кирген. Америкалык киностудия тасманы жылдын эң мыкты 10 тасмасынын арасына кошкон. Ошондой эле тасма "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты үн монтаж" жана "Мыкты визуалдык эффект" наамдарына көрсөтүлгөн. Тасманын уландылары: "Темир адам 2" 2010-жылы, 7-майда жана "Темир адам 3" 2013-жылы, 3-майда чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]