Догдурбек Нургазиев

Википедия дан
Догдурбек Нургазиев
Төрөлгөндөгү ысымы

Нургазиев Догдурбек Бакасович

Туулган датасы

28 -март 1955(1955-03-28)

Туулган жери

Кызыл-Суу, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

9 -август 2019(2019-08-09) (64 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы

 Кыргызстан

Наамдары

Кыргыз Эл сүрөтчүсү

Илимий даражасы

Профессор


Догдурбек Нургазиев (төр. 28-март, 1955 Кызыл-Суу, Ысык-Көл облусу - 9-август, 2019, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргыз эл сүрөтчүсү,

Чыгаан сүрөтчү 2001-жылы маданиятка эмгек сиңирген ишмер, 2011-жылы Кыргыз Эл сүрөтчүсү мамлекеттик наамдарына, 2011-жылы профессор илимий даражасына арзыган. Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын жана Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.


Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1955-жылы 28-март күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасын бүтүргөн.

Көргөзмөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын сүрөттөрү бир топ эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. 1985-жылдан бери республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу (Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Франция, Швейцария, Жапония жана башка).

Өздүк көргөзмөлөрү:

  • "Тоолор" (1996-жылы),
  • "Тоолор симфониясы" (2002-жылы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейинде); * *, * "Улуттар дворецинде" (2000-жылы Женева шаарында);
  • Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган сүрөттө көргөзмөсү (1996-жылы Дубайда);
  • "Купуя жаңырык" (2003-жылы Астана шаары);
  • "Кыргыз жаратылышы" (2008-жылы Парижде).

Каза болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жашында дүйнө салган. Ал 9-августта катуу оорудан улам көз жумган.Маркумду акыркы сапарга узатуу 10-августта саат 11:00дө Бишкек шаарындагы Горький көчөсү менен кесилишкен Оренбург туюк көчөсүндөгү №13 үйдө болгон