Догдурлук кеңеш берүү комиссиясы

Википедия дан

Догдурлук кеңеш берүү комиссиясы, Врачтык консультациялык комиссия (ВКК) — дарылоо мекемелеринде (поликлиникасы же амбулаториясы бар ооруканаларда, поликлиникаларда, адистештирилген диспансерлерде жана башка) түзүлөт.

Ал үч кишиден эксперт боюнча башкы догдурдун орун басары, бөлүмдүн башчысы жана дарылоочу догдурдан түзүлөт. Догдурлук кеңеш берүү комиссиясы гана жумушка жарамсыздык барагын 6 күндөн ашык мөөнөткө узарта алат, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча талаш суроолорду чечет, узак ооругандарды догдурлук эмгек эксперт комиссиясына жиберет. Мындан тышкары Догдурлук кеңеш берүү комиссиясы (ДКБК) жумушка жарамсыздык барагын берүү менен санаторий-курорттук дарыланууга жиберүүгө, эмгек шартын жеңилдетүүгө же башка ишке өтүүгө сунуштарды берет. Оорулууну Догдурлук кеңеш берүү комиссиясына дарылоочу догдур, дарылоо мекемесинин бөлүм башчысы жиберет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8