Дозатор

Википедия дан

Дозатор, дозалагыч – суюк жана чубурма материалдарды белгилүү өлчөмдө же көлөмдө автоматтык түрдө үлүштөп өлчөөчү түзүлүш. Дозатор салмактык жана көлөмдүк болуп айырмаланып, материалдын масса бирдиги (кг) жана көлөм бирдиги (м3) менен берилет. Дозатордун өндүрүмдүүлүгү масса (көлөм) бирдигинин убакыт бирдигине болгон катышы (кг/с же м3/с) менен туюнтулат. Дозаторлор кол менен жана автоматтык башкарылып, үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз иштейт. Дозатордун тиби технологиялык процесске жана материалдын касиетине жараша тандалат. Иштөө шартына жана өлчөнө турган материалдардын түрүнө карата бир компоненттүү жана көп компоненттүү дозаторлор колдонулат. Дозатор курулуш материалдарын өндүрүүдө, металлургияда, тамак-аш, химия, фармацевтика өндүрүшүндө жана башка тармактарда, соода тармагында, лабораториялык иштерде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1