Дозиметрия

Википедия дан

Дозиметрия (доза жана ...метрия) – колдонмо ядро физикасынын бөлүмү. Дозиметрияда иондоштуруу, нурлануунун жандуу же жансыз нерсеге тийгизген таасири изилденет жана аны мүнөздөөчү физикалык чоңдукту өлчөөнүн жолдору каралат. Дозиметрия иондоштуруучу нурлануунун зыяндуу таасиринен адамды сактоо, башкача айтканда радиациялык нурлануунун дозасын өлчөө зарылдыгынан келип чыккан. Дозиметриянын негизги сандык критерийи – рентген бирдиги менен ченелүүчү жана абанын иондошуу чоңдугу боюнча аныкталуучу экспозициялык доза. Радиация эффекттери жана чөйрө бөлүкчөлөрүнүн иондоштурулушу нурлануунун жутулган энергиясына көз каранды. Радиациянын ар кандай түрүн, дозасын жана заттар кабыл алган энергиянын бөлүнүшүн микро дозиметрия изилдейт. Дозиметриянын өнүгүшү физикалык, химиялык жана радиобиологиялык изилдөөлөрдө, радиациялык технологияда жана айлана-чөйрөнү коргоодо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1