Дойбу

Википедия дан

Дойбу, шашки – спорттун 64 (орус дойбу) же 100 (эл аралык дойбу) чакмактуу тактада 2 адам дойбу ташы менен ойной турган түрү. Оюндун максаты – атаандашынын дойбуларын жок кылуу же аларды жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калган абалга жеткирүү. Ар бир ойноочунун 12 (орус дойбу) же 20 (эл аралык дойбу) ташы (фишкасы) алга карай талаанын каалаган тарабына диагональ боюнча бир чакмакка алга жылдырылат. Атаандашынын ташын бош чакмакка алдыга же артка аттап өтүү менен алып коюуга болот. Тактанын горизонталь боюнча акыркы катарына жеткен таш «дамка» деп аталып, диагональ боюнча каалаган аралыкка жүрүү укугуна ээ болот. Дойбу жөнүндө алгачкы маалыматтар Байыркы Египет эстеликтеринде берилген. Дойбу боюнча алгачкы мелдеш 1894-ж. 100 чакмактуу тактада ойнолгон. Бул оюндун ар кандай түрлөрү орус, немис, испан (64 чакмактуу), француз, поляк (100 чакмактуу) дойбулары кеңири таралган. Канада дойбусу 30 таштан (тактасы 144 чакмактуу) турат. Дойбу кыргыз элинде да байыртадан эле ойнолгон. Кыргыз дойбусу эки түрдүүчө 32 таштуу, 32 үч бурчтуу төрт чарчы сызыктан жана 64 таштуу, 56 чийинден турган, бирок кийинчерээк ойнолбой калган. Бүткүл дүйнөлүк федерациясы 1947-ж. негизделип, 40ка жакын өлкөнү бириктирет. Кыргызстанда дойбу боюнча республикалык чемпионат 1-жолу 1935-ж. өткөрүлгөн. Азыркы учурда белгилүү чеберлер өсүп чыкты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1