Докучаев Василий Васильевич

Википедия дан

Докучаев Василий Васильевич (17. 2(1. 3.). 1846, азыркы Россия Федерациясы, Смоленский облусу, Сычев району, Милюков кыштагы – 26.10 (8.11). 1903, Петербург) – орус табият таануучу, азыркы топурак таануу илимин жана зоналык агрономияны негиздөөчү. 1871-ж. Петербург университетинин физика-математика факультетинин табият таануу илимдер бөлүмүн бүткөн. 1872-жылдан Петербург табият таануу коомунун, 1873-жылдан минералогия коомунун анык мүчөсү. 1871–86-жылдары Волга, Днепр, Батыш Двина дарыясынын жогорку алаптарындагы өрөөндөрдүн түзүлүшүн жана борпоң тоо тектерди изилдеген. Докучаевдин жетекчилиги менен Нижний Новгород губерниясынын аймагы изилденип, анын топурак жана геологиялык картасы түзүлгөн. Докучев топуракты бонитировкалоонун табигый-тарыхый ыкмасын сунуш кылган. Анын идеялары токой таануу, мелиорация, гидрогеология жана башка илимдердин өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1946-ж. В. В. Докучаев атындагы сыйлык жана алтын медаль белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]