Долбаев Асанбек

Википедия дан

Долбаев Асанбек (1928, Нарын облусу , Кочкор району , Ак-Кыя айылы – 1992, Ысык-Көл облусу , Балыкчы шаары) – жумушчу, Социалистик Эмгектин Баатыры (1974). 1951-жылдан Нарын мал даярдоо пунктунда мал даярдоочу, 1953-жылдан Балыкчы эт комбинатынын аппаратчысы, цех бригадири болуп иш теген. Бир нече жыл өндүрүштүк тапшырмасын 125–130%ке аткарган. Ленин, Эмгек Кызыл туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1