Долгих Владимир Иванович

Википедия дан

Долгих Владимир Иванович (5-декабрь 1924 – 8-октябрь 2020) – советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер.

1942-жылдан КПСС мүчөсү. Социалисттик Эмгек Баатыры (1965).

1949-ж. Иркутск тоо-кен металлургия институтун бүтүргөн. Тех. илимд. кандидаты.

1941-43-ж. Советтик Армияда болуп, Ата Мек. согушка катышкан.

1949-69-ж. чарба кызматында: сменанын, цехтин начальниги. 1958- 62-ж. А. И. Завенягин ати. Норильск тоо-кен металлургия комбинатында башкы инженер, 1962-69-ж. директор.

1969-72-ж. КПСС Краснояр кранкомунун биринчи катчысы. 1972-ж. декабрдан КПСС БКнын катчысы. 1971-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. СССР Жог. Советине (7-9-шайл.) депутат.

Төрт Ленин ордени, 1-дараж. Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]