Долончу көпөлөк

Википедия дан

Долончу көпөлөк (Aporia сгаtaegi) - ак көнөлөктөр тукумундагы түр.

Канаты кара сызыкчалуу ак, жайгандагы жазылыгы 65 мм. Гусеницасынын уз. 45 мм, жонунда бозомук күрөң жол-жолу болот. Түндүк Америкада, Евразиянын түндүк бөлүктөрүндө таралган. Долончу көпөлөк июнда учат, жумурткасын топ-тобу менен (30- 150ден) жалбырактарга таштайт. Гусеницалары жайдын аягында пайда болуп, жалбырактарды жейт. Дарактын бутактарын желе менен чырмап, уялап кыштайт. Жаз алды менен дарактын бүчүр, жалбырак жана гүлдөрүн жен, зыян келтирет. Сактануу чаралары: кышкы уяларын өрттеп, бактарга инсектициддерди чачуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.