Доминикалыктар (эл)

Википедия дан
Доминикалыктар

Доминика айымдары (18 к.сүрөтчү Агостино Бруниас).
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 72,8 миң адам (2010ж.)
 Доминика

Дини

католицизм,
протестантизм

Расалык тиби

негрлер, мулаттар

Доминикалыктар — эл. Кичи Антил тобундагы Доминика аралынын негизги калкы. Саясий жактан Доминика Британ Шериктештиктин курамындагы көзкарандысыз мамлекет.
Саны — 72,8 миң адам (2010ж.).

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доминиканын калкы француз тилинин негизинде түзүлгөн патуа креол тилинде сүйлөйт. Ал 20-кылымдын ортосуна чейин негизги сүйлөө тили болгон[1].
Учурда Доминикада англис тилинин позициялары күчөтүлүүдө.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгендердин көбү католиктер. Калгандары — протестанттар (жетинчи күндүн адвендистери, баптистер, методистер ж.б.) жана растафариандар.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доминикалыктар негизинен негрлер жана мулатар. Алар Африкадан алынып келинген, жарым-жартылай француздар жана англистер менен аралашкан туткундардын тукумдары болгон.
Мындан тышкары аралдын чыгышында резервацияда 2 миңге жакын индейлер-карибдер жашайт.

Чарбачылык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономиканын негизги тармагы — айыл чарба. Анда негизги калк иштейт. Банан, лайм, грейпфрут, апельсин, кофе, какао, кокос, манго, папайя, инжир өстүрүлөт. Банан, цитрус жемиштери, кофе, жемиш ширелери, эфир майлары, самын экспорттолот.
Өнөр жай айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан гана көрсөтүлөт.
Туризм тармагы өнүккөн.

Маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү маданиятта француз маданиятынын күчтүү таасири байкалат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Henríquez Ureña, Pedro (1940). El Español en Santo Domingo (in Spanish). Buenos Aires: Instituto de Filología de la Universidad de Buenos Aires.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]