Донелайтис Кристионас

Википедия дан

Донелайтис Кристионас (1. 1. 1714, азыркы Литва , Радвилишкис району, Лаздинеляй – 18. 2. 1780, Тольмингнемен, азыркы РФ, Калининград облусу, Чистые Пруды) – литва акыны, литва көркөм адабиятына негиз салуучу. 18-кылымдагы Европа адабиятындагы реалисттик багыттын өкүлү. Кёнигсберг университетин (1740) бүтүргөн. Донелайтистин чыгармасы өз учурунда кол жазма түрүндө таралган. Ал 6 тамсил (1824-жана башкаасылган) жана атактуу «Жыл мезгилдери» (1818-ж. жарыяланган) поэмасынын автору. Социалдык мааниси, реалисттик принциптердин жеткилең иштелиши, көркөм образдардын күчү боюнча Донелайтистин «Жыл мезгилдери» – дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрүнөн. Поэманы И. В. Гёте, А. Мицкевич жана башка жогору баалаган. Поэма чет тилдерге которулган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк советинин чечими менен Донелайтистин туулган күнүнүн 250 жылдыгы белгиленген (1964).

Колдонулган адабияттаряЯЯ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1