Дон жылкысы

Википедия дан
Дон жылкысы.

Дон жылкысы – минги-чегилме жылкы породасы. Дон дарыясынын боюндагы талааларда илгертен эле асыралып келген. Кийинчерээк башка таза кандуу жылкылар менен аргындаштырылып, асылдандырылган. Дон жылкысы абдан жотолуу. Асыл тукум айгырынын ыйык жалынга чейин бийиктиги 159 см, дене узундугу 160 см, көкүрөк курчамы 185 см, бутунун жоондугу 21 см. Өңү жээрде, айрымдары буурул. Колдон жем-чөптү көп талап кылбайт; үйүрдө багылат. Климаттын катаал шартына чыдамдуу. Дон жылкысы минги-унаа катары жана ат спортунда пайдаланылат. Дон жылкысынын «Зенит» деген айгыры бир суткада 311,2 км аралыкты басып өтүп, дүйнө рекорд койгон. Негизинен Россиянын Ростов облусу менен Ставрополь крайында асыралат. Дон жылкысы кыргыз жаңы жылкысын чыгарууда, Кыргызстандын № 54 Ысык-Көл жылкы заводунда жергиликтүү жылкыны асылдандырууда пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1