Дооров, Абдилаат

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абдилаат Дооров - кыргызстандык заманбап акын, журналист.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдилаат Дооров 1953-жылы 1-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жарык дүйнөгө келген.

Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы "Ата-Журт" райондук гезитинин башкы редактору.

Жубайы - Сабира.

Улуу уулу Төрөкул Дооров - "Азаттык" үналгысынын кызматкери. Азыркы тапта ал Казак кызматынын директору.

Андан кийинки уулу Сүйөркул - сүрөткер.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер.


Чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

1998-жылы анын "Миң тамыр"[1] ырлар жыйнагы жарык көрдү.

2010-жылы жаңы ырлар жыйнагы чыкты. "Гүл-гүл" деп аталган бул жыйнак тууралуу жылуу баасын берген акын Сооронбай Жусуев Абдилаат Алинин ырлары "бир жагынан карасаң, жапон хоккуларына окшоп кетет" деп жазган.


Библиографиялык тизме[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Дооров, Абдилаат Али. Гүл-гүл. Ырлар жыйнагы. Кыргыз тилинде. - Бишкек: Полиграфбумресурсы, 2010. - 185 бет. - ISBN 987-9967-25-900-3.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]