Доскулу кыштагы

Википедия дан

Доскулу кыштагыНарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу. Окторкой тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте, Бишкек – Чаек автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 55 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 140 км. Калкы 1559 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1