Достоштуруу

Википедия дан

Ала-Тоолук аз кыргыз,
Алды алдыңдан бөлүнбө.
Ата-бабаң бирге өскөн,
Аралаш жашыл төруңдө.
Токтаалы Жапаров

Кыргыз эли эч качан дос деп айткан эмес. Эң жакын адамдарын - жолдош, курбу, теңтуш, жакшы санаалаш, бир тилектеш ж.б. аташкан. Эгер бирин-бири дос деп атаса, анда ал өтө эле жакындыкты билдирген. Достошкондор бири-бири үчүн жанын кыюуга даяр болгон.
«Манас» эпосундагы Манас менен Алманбет, «Курманбек» дастанындагы Курманбек менен Аккан мына ушундай достордон. Достордун бир туугандан айырмасы жок болгон, ал түгүл айрым жагдайда бир туугандардан да жа¬кын болгон. Мына ошондуктан айрым адамдар бири бирине бе- рилгендикти, бирин бири кыйбастыкты чыңдоо, улантуу максатында балдарын шилекей алыштырып достоштурган учурлар да болгон. Демек, шилекей дос дегендин өзү эле ыйык, касиеттүү.
Кыргыз эли байыртадан эле экологияга да зор көңүл буруп, табиятка, жан-жаныбарларга бейчеки тийбөө керектигине тарбиялашкан. Алсак, бир бала чымчык кармап алса, аны өлтүртпөй, баланын да шагын сындырбай шилекей алыштырып достоштуруп учуруп жиберишкен. Баланын канаттууларга бол¬гон ызаттоосун, боорукердигин козгогон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.