Достук бериллий кени

Википедия дан

Достук бериллий кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин т. ж. бекетинен 49 км түндүктө, Курусай жана Достуксай сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 2250–2450 м бийиктикте. 1961–65-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терриген-жанартоо тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку пермдин лейкократтуу субжегичтүү граниттери жиреп чыккан. Руда тулкулары, фенакит жана берилл минералдары менен флюорит метасоматитинен түзүлүп, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарапка созулган талкаланган зоналарда жайгашкан. Руда тулкуларынын узундугу 20–500 м, калыңдыгы 0,1 мден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылыныкы орточо өлчөмү 0,113%. Руданын болжол ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]