Доңуз коргошун кени

Википедия дан

Доңуз коргошун кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Агулак кыштагынын түштүк-чыгышында, Молдо-Тоонун түндүк бетинде. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон доломит жана доломиттешкен акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Анын түштүк канаты жылышуулар тибиндеги жаракалар менен тилмеленген. Руда тилкеси брекчияланган жаракаларда топтолуп, тарам, линза, уяча түрүндө жатат. Узундугу 500 м, калыңдыгы 0,5–2 м. Кендин түндүк-батыш жагы элювий-делювтий чөгүндүсү менен жабылып калган. Чыгыш тарабы кууштап, жок болот. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Руда тилкесинин үстүнкү бөлүгү кычкылданууга дуушарланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]