Мазмунга өтүү

Дрезден

Википедия — ачык энциклопедия
Саксониянын борбор шаары
Дрезден
Желек Герб
Желек Герб
Саксония жеринин борборуГермания
ОблусСаксония
Координаттар51°03′ с. ш. 13°44′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү10 административдик район
МэрДирк Хильберт
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1206-жыл
Климатынын түрүКонтиненттик жана океан климатынын аралашмасы
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилинемис тили
Калкы561,200 адам
Улуттук курамынемистер 86%, башка улуттар 14%
Диний курамыПротестанттар 60%, католиктер 20%, башка 20%
ЭтнохоронимДрездендиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+49 351
Почта индекстери01001–01328
Автоунаа кодуDD
Сайтыhttps://www.dresden.de
Дрезден (Германия)

ДрезденГерманиядагы шаар. Эльба дарыясынын боюнда. Саксония жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 474 миң (1996). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (негизинен электр-техника, радиоэлектроника), кино жана фотооптика, химия-фармацевтика препараттары, полиграфия, трикотаж, бут кийим, эмерек, тигүү, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. Техникалык университет, консерватория, музейлер, Дрезден сүрөт галереясы бар. Туризм өнүккөн.

Алгач 1216-жылдан эскерилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-ж. Саксония королдугунун борбору. 15–18-кылымдын архитектура эстеликтери: сепил-сарай (15-кылым), барокко стилиндеги–Цвингер (1711–22) жана Пильниц (1720–24), сарай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор жана айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.

Сүрөт галлереясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1