Дрель

Википедия дан

Дрель — металл, жыгач жана башка материалдарга көзөнөк жасоочу машина. Ал кол, электр же аба кыймылдаткычтары менен аракетке келет. Бурамалуу дрель алга-артка айланып жылуучу бурама менен кыймылга келүүчү бурамалуу шпинделден турат. Темир устачылык дрельде көзөөч конус түрүндөгү тиштүү дөңгөлөктүн жардамы менен айланат. Электрдик дрель тулкусунун ичине орнотулган электр кыймылдаткычынын жардамы менен кыймылга келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5