Дрозофилалар

Википедия дан
Куурчакча (Drosophila melanogaster).

Дрозофилалар (лат. Drosophila) - жемишчи чымындар тукумундагы уруу. Дене узундугу 3,5 ммге чейин. Бүт жер жүзүндө 1 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 25 түрү бар, бардык жерде, айрыкча тропикте кеңири тараган. Көбүнчө мөмө, жемиш, жашылча сакталуучу жайларда кездешет. Личинкасы өсүмдүктөрдүн калдыктарында өөрчүйт. Америкалык илимпоз Т. Морган дрозофиланын лабораториялык шартта тез көбөйүп, айрым түрлөрү түпкү тегиндеги белгилерин даана сактарын аныктаган. Ошондон кийин дрозофила генетиканын объектисине айланган. Дрозофила менен мутагенез процесси изилденип, эксперименттик биринчи мутация алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5